
Электр энергиясы үчүн тариф 1-майда көтөрүлөт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө электр энергиясына болгон эң арзан баа Кыргызстанда.
«Инфляция жыл сайын өсүүдө, биз болсо жабдууларды жана техникаларды алып жатабыз. Тарифтер 1-майдан тарта көтөрүлөт. Бүгүн саатына 700 киловаттка чейин колдонгондор 1,11 сомдон төлөөөдө, жазында буга 20-23 тыйын кошулат. Бул сумма анчалык чоң эмес», — деди министр.
Ошондой эле ал жарыктын баасы жыл сайын инфляцияга карап өсө турганын кошумчалаган.