
2025-жылдын 2-жумасында 6-январдан тартып 12-январга чейин Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялардын 7 миң 415 учуру жана сасык тумоонун 38 учуру катталды. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бул көрсөткүч 2025-жылдын биринчи жумасына салыштырмалуу +1,7 эсе жогору, эпидемиялык босогодон -29,1 пайызга төмөн. Учурда ооругандардын 7,9 пайызын түзгөн 586 бейтап ооруканага жаткырылган.
Ошондой эле Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында курч респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылып жатканы кошумчаланды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги КРВИ жана сасык тумоонун жайылышын болтурбоо үчүн төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо керектигин эскертет: