Кыргызстанда жүзүмдүн экспорту 10 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүмдүн экспорту 10 эсе өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматынан белгилүү болду.

Республика быйыл январь-февраль айларында 114,6 тонна жемиш саткан, былтыр ушул эле маалда 1,4 тонна экспорттогон.

Жүзүмдүн көбүн ЕАЭБ өлкөлөрү, тагыраагы, Россия (92 тонна) менен Казакстан (17,4 тонна) алган.

30 Апрель 2025 жыл 17:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча