Кыргызстандын калыстар тобу футбол боюнча Өзбекстан – Кувейт улуттук курама командаларынын беттешин тейлешти.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, аталган оюн күн мурун, 9-октябрда Ташкент шаарынын «Олимпийский» стадионунда өттү.
Калыстар тобун Медер Тайчиев баштап, ага каптал сызыктарда Исмаил Талипжанов, Элдос Мурзабеков жардам беришти.
Ал эми ата-мекендик эксперт Кочкаров Бахадыр инспектордук милдетти аткарды.