
Кыргызстандын 600 миңдей жараны чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт. Анын ичинен эң көбү — 379 949 жаран Орусияда, 70 миңдейи Казакстанда, Түркияда 32 миң чамалуу, АКШда 40 миңдей, Түштүк Кореяда 17 миң, Германияда 15 миң, Бириккен Араб Эмирлигинде 10 миңдин айланасында кыргызстандыктар иштеп жүрүшөт.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине шилтеме кылып, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу 13-мартта журналисттерге билдирди.
Министрдин орун басары Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашканына байланыштуу мыйзамсыз жүргөн мигранттарды чыгаруу чаралары күчүнө киргенин белгиледи.