Кыргызстандын бел боо күрөшү боюнча курамасы эл аралык мелдеште 7 медаль жеңди

Кыргызстандын бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 7 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Башкортстандын Уфа шаарында өтүп, Риф Гайнановдун  жаркын элесине арналган.

Алтын медалдын ээлери:

  • 75 кг Айболот Аманов;
  • 100 кг Баяман Мыктыбеков;
  • +76 кг Айжан Анарбекова.

Күмүш медалдын ээлери:

  • 62 кг Толубай Шүкүров;
  • +100 кг Бактияр Мирлан уулу;
  • 76 кг Адинай Алмазбекова.

Коло медалдын ээси:

  • 82 кг Азизхан Мусабек уулу.

Курама команда машыктыруучу Тамчы Эсенбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

24 Декабрь 2024 жыл 13:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча