
Кытай жаңы жүк ташуучу дронду сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. Бул тууралуу Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Кытай аэрокосмостук илимий жана технологиялык корпорациясы (CASC) тарабынан иштелип чыккан Caihong-YH1000 учак тибиндеги транспорттук жүк ташуучу дрон.
Дрон кыска тилкеден учуп-конуу мүмкүнчүлүгү менен орто бийиктикте жалпы багыттагы учуулар үчүн иштелип чыккан жана ошондой эле татаал шарттарда колдонууга ылайыктуу. Кош моторлуу конфигурация дронду жолдорго, катуу жерге жана чөпкө учурууга жана конууга мүмкүндүк берет.
Дрон ошондой эле кошумча флот тиркемелерин колдонуу менен суу бетине, же лыжа тиркемелерин колдонуу менен карга учуп жана конууга жөндөмдүү.
Апараттан учуу аралыгы 1,5 миң чакырым, көтөрүү жөндөмдүүлүгү 1,2 миң киллограмм. Анын максималдуу иштөө бийиктиги 8 миң метрге жетет, ал эми учуунун узактыгы 10 саатты түзөт. Борттогу 6 киловатт электр булагы атайын операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Келечекте Caihong-YH1000 өлкөнүн борбордук жана батыш бөлүктөрүндөгү жетүүгө кыйын аймактарга жүк жеткирүү үчүн колдонулушу мүмкүн.