
Кытайда куткаруучулар Гуанси-Чжуан автономиялуу районунда дайынсыз жоголгон сегиз адамдын сөөгүн тапты. Бул тууралуу CCTV телеканалы билдирди.
Маалыматка караганда, издөө иштеринен кийин куткаруучулар дайынсыз жоголгон сегизинчи адамдын сөөгүн Саньшэ айылынан ылдый кеткен 25 чакырым алыстыктагы дарыядан табышты. 29-майда издөө-куткаруу кызматынын кызматкерлери анын өздүгүн такташты.
Жер көчкү 23-майда күтүүсүздөн болгон. Анда сегиз адам дайынсыз жоголуп, үч адам жабыркаган. Кеминде 10 үй талкаланган.