Өлкөдө 74 миң га жерде чегирткеге каршы дарылоо иштери жүргүзүлдү

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 114 миң гектардан ашык айыл чарба жеринде изилденип, 84 миң гектарга жакын аянтта зыянкеч чегирткелер аныкталган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билддиришкендей, учурда алардын ичинен 74 миң гектардан ашуун аянтка күрөшүү иштери жүргүзүлүп бүттү.

Изилдөө жана күрөшүү иштери Жалал-Абад, Ош, Баткен, Талас, Чүй жана Нарын облустарынын аймактарында улантылууда.

Муну менен катар Бишкек шаарынын тургундарынан чегирткеге (саранчага) окшош курт-кумурскалардын пайда болушу боюнча Департаментке көп сандагы кайрылуулар түшүүдө.

Ушуга байланыштуу министрлик төмөнкүлөрдү билдирет:

Зыяндуу чегирткелер (саранча) – бул чөп менен азыктануучу зыянкеч жана саны көп болгон шартта үйүрлүү формага өтүүгө жөндөмдүү. Ал кыска мурутчалары жана айкын көрүнгөн канаттары менен айырмаланат, канаттары личинка стадиясында да байкалат.

Ал эми жөнөкөй чегиртке (кузнечик) болсо – жалгыз жашоочу курт-кумурска. Алар узун мурутчалуу, тегерек денелүү болуп, көп учурда канаттары жакшы өнүкпөйт же такыр болбойт, айрыкча личинка кезинде.

Бишкек шаарынын аймагында адистер тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, аныкталган курт – үйүрлүү чегиртке (саранча) эмес, алар жөнөкөй чегирткелердин (Tettigonoiidae) түркүмүнө кирген Platycleis Fieber (орусчасы – Скачки) чегирткеси экендиги аныкталды. Бул курттар адамдын ден-соолугуна жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө эч кандай зыян келтирбейт.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан өсүмдүктөрдү коргоо жана мониторинг иштери улантылууда. Эгерде жаңы очоктор пайда болгон учурлар катталса – жарандар жергиликтүү бийлик органдарына же түздөн-түз Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине кайрылуусу керектигин билдиребиз.

11 Июнь 2025 жыл 14:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча