Өлкөдө энергетикалык объектер «акылдуу» жарыктандырууга өтүүдө

«Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКтын филиалдарынын административдик имараттарына жарыкты автоматтык түрдө башкаруу системалары орнотулууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул демилгенин максаты — электр энергиясын үнөмдүү жана рационалдуу пайдалануу.

Жабдуулар кеңсе имараттарынын коридорлоруна, ошондой эле кабаттар ортосундагы өтмөк аянтчаларга орнотулууда. Система кыймылдын болушуна жана табигый жарыктын деңгээлине жараша жарык берүүчү жабдуулардын ишин автоматтык түрдө жөнгө салат.

Эгер коридордо эч ким болбосо, жарык өзүнөн өзү өчөт. Кыймыл байкалганда — жарык автоматтык түрдө күйөт. Эгерде табигый жарык жетиштүү болсо, жарыктандыруу кошулбайт — бул керексиз электр энергия сарптоону алдын алат.

Тажрыйба көрсөткөндөй, мындай системаларды орнотуу электр энергиясын керектөөнү бир топ кыскартат. Мисалы, Чүй электр тармактар ишканасында үч кабаттуу кеңсе имаратынын коридорлоруна жабдуулар орнотулуп, жыйынтыгында электр энергиясын жылдык керектөө 27 пайызга азайган.

1 Август 2025 жыл 11:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча