Өлкөдө таза кандуу кыргыз породасындагы жылкылар чыгарыла баштайт

Эми өлкөдө таза кандуу кыргыз породасындагы жылкылар чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл-тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасынын директору Манас Акматбеков билдирди.

Учурда заводдо жалпы 46 баш жылкы бар. Эми аны көбөйтүп башка аймактарга да жиберүүнү, өлкөдө асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү пландалууда.

“Мурда советтер союзу убагында №54 жылкы заводу абдан чоң жана ардактуу жылкы заводу болгон. Биздин жылкылар чет өлкөлөрдөгү жарыштарда 1-2-орундарды алып келишчү. Ошол учурда кыргыз атын чыгарыш керек деген демилге көтөрүлүп, Таласта жана Ысык-Көлдө жаңы кыргыз породадагы жылкы чыгарылган. Алар үч породадан өзүбүздүн кыргыз, Англия жана Дон породасы аргындаштырылган. Биз эми ушуну кайрадан жандандыралы деп турабыз”- дейт Манас Акматбеков.

Атай кетсек, Ысык-Көлдөгү мурдагы №54 жылкы заводу 1926-жылы түзүлүп, атагы алыска кеткен жылкы заводдордун бири болгон. Анда асыл тукум бир нече породадагы жылкылар багылып келген. Кийин бул жерге жетиштүү көңүл бурулбай, талкалануу алдында турган. Эми кайрадан мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, жаңылануу алдында турат.

15 Май 2025 жыл 14:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча