Альпинист Эдуард Кубатов Аннапура чокусуна чыгып Кыргызстандын желегин көтөрдү.
Эске салсак бул чоку эң кооптуу жана коркунучтуу болуп эсептелинет. Анын бийиктиги 8091 метрди түзөт.
Эдуард Кубатов чокуга алып чыккан желекти өлкө жетекчиси Садыр Жапаров бергенин, бул жеңишин жалпы Кыргыз элине арнаганын билдирди.