Мамдумага үй кожойкелерине маяна төлөө боюнча мыйзам долбоору сунушталды

Мамдумага үй кожойкелерине маяна төлөө боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, мыйзамда үй чарбасын жүргүзгөн, анын ичинде бир жарым жаштан жогорку балдарды, I топтогу майыптыгы барларды багуу үчүн, ошондой эле камкордукка муктаж улгайган ата-энелерди багуу үчүн үй кожойкелерге айлык маяна берүү каралган.

Демилге үй чарбаларына мамлекет тарабынан кошумча колдоо көрсөтүүнү камтыйт. Мыйзам долбоорунда жакында эле Россияда жарандыгын алгандар үчүн чектөөлөр белгиленген. Алар беш жылдан кийин гана ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдү талап кыла алышат.

Ошондой эле төлөм атайын “кесиптик киреше салыгы” режими боюнча салык төлөгөндөргө тиешелүү эмес. Документте ошондой эле төлөм үй-бүлөнүн киши башына орточо кирешеси аймак боюнча жашоо минимумунун эки эселенген өлчөмүнөн ашпаган шартта берилери белгиленген.

Каражат чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн, анын ичинде балдардын, майыптыгы бар адамдардын жана улгайган ата-энелердин санына жараша берилет.

26 Май 2025 жыл 17:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча