Мээрим Ташыбекованын акчасын алдап кеткен шылуун кармалды

Маморгандардын биринин маалымат катчысы Мээрим Ташыбекованы алдап кеткен шылуун кармалды.

Милиция билдиргендей, белгисиз адамдар арыз ээсине өздөрүн Улуттук банк менен УКМКнын кызматкерибиз деп тааныштырып, ишеничине кирип, ар кайсы электрондук капчыкка 825 миң сом котортуп алышкан.

Арыз ээси чалгандардын айтканы менен ал каражатты насыяга алганы маалым болгон.

«Алдамчылык» беренеси боюнча иш козголуп, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 23 жаштагы киши кармалды.

5 Февраль 2025 жыл 16:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча