Мектепте телефон колдонуу тартиби тууралуу мыйзам парламент комитетинде колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 23-декабрь күнкү отурумунда мектептерде чөнтөк телефондорду колдонуу эрежеси тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам долбоорун вице-спикер Нурланбек Азыгалиев сунуштаган.

Анын сөзүнө караганда, мыйзам долбоору мектептерде балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо, билим алуусуна коопсуз жана жагымдуу шарт түзүү, мобилдик телефондорду пайдалуу колдонууну өрчүтүүнү көздөйт.

«Кыргызстандагы мектептерде окуу китептеринин тартыштыгы мобилдик каражаттарга зарылчылыкты күчөтөт. Ошондуктан, биз ага толук тыюу салбай, аны пайдалануунун эрежесин гана киргизип жатабыз», — деди депутат.

Социалдык саясат комитети мыйзам долбоорун 1-окууда талкуусуз кабыл алды.

Буга чейин жалпы, кесиптик жана кошумча билим берүү мекемелеринде мобилдик аппараттарды колдонуу тартибин Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга койгон. Министрлик мындай чара коопсуз окуу процессин камсыз кылуу, билим алуучулардын ден соолугуна кам көрүү, мобилдик аппараттардын зыянын алдын алууга багытталганын белгилеген.

23 Декабрь 2024 жыл 14:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча