
Мамлекеттик ипотекалык турак жай менен камсыздоого багытталган программа жарандарга тең мүмкүнчүлүк берүү үчүн иштелип чыккан. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы тараткан билдирүүдө айтылат.
Маалыматка караганда, 14-майдагы парламенттин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы мамлекеттик ипотекалык программа боюнча бир катар айыптоолорду айтып чыгып, “батирлер адилетсиз бөлүштүрүлүүдө, айрымдар өз адамдарын алдыга жылдырып жатат” деген пикирин билдирген.
Буга байланыштуу президенттин Иш башкармалыгы мындай билдирүүлөрдү угуп жаткан миңдеген жарандарда суроо жаралышы ыктымалдыгын белгилеп, турак жай маселеси боюнча расмий түшүрдүрмө таратты.
Анда белгиленгендей, президент Садыр Жапаровдун “Менин үйүм” мамлекеттик программасы боюнча жарлыгынын 4 бөлүмүндө негизги принциптеринин бири катары аймактык бөлүштүрүү так жазылган. Бул турак жай алуу үчүн жарандар эмгек ишмердүүлүгү расмий түрдө катталган шаар же райондон гана кезекке тура алат. Мисалы, Тогуз-Торо районунда эмгектенген жаран Жалал-Абад шаарынан үй алуу үчүн кезекке тура албайт.
“Депутат Аида Исатбек кызы мисал катары келтирген жаран башка райондон кезекке тургандыктан, Жалал-Абад шаарынан батир талап кыла албайт. Бул эч кандай чектөө эмес, тескерисинче, ачык-айкын, мыйзамдуу жана адилеттүү системанын бир бөлүгү. Бул принцип бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү, элдин ишенимин сактоо жана аймактардагы турак жай жеткиликтүүлүгүн системдүү камсыз кылуу үчүн кабыл алынган.
Анткени бүгүн жүз миңдеген жаран Бишкектен жана облустун борбор шаарларынан батир алгысы келет. Эгер аймактык чектөөлөр болбосо, борбор шаардагы батирлерге болгон басым өсүп, чыныгы муктаждар батирсиз калмак”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле президенттин Иш башкармалыгы бул система Бишкекти жүктөн арылтуу үчүн киргизилгендигин, “кандай жол менен болсо да борбордон батир алам” деген массалык көчүүнү токтотуп, ар бир жаран өз аймагында жашап, ошол жакта өнүгүүгө шарт түзүү башкы максат экенин айтты.
“Бишкектен мурда батир алган жарандар өз каалоосу менен башка регионго алмаштыра алышат. Бул тескерисинче, региондорду жандандырууга өбөлгө болот. Электрондук кезек адам факторун четтетет. Бардык тизмелер электрондук формада, автоматтык түрдө түзүлөт. Эч ким, эч кимди “алдыга жылдырып” коё албайт. Программага катталуу, текшерүү жана кезек күтүү адам кийлигишүүсүнөн толук ажыратылган. Эгер кимдир бирөө мурда “сизге берилет” деп айтканы чын болсо, бирок кийин өзгөртүлгөн болсо, мыйзам эмес убада бергендердин иш-аракетин териштирүү керек. Бирок бул системанын өзү эмес, жоопкерчиликсиз адам фактору болушу мүмкүн”, — деп кошумчалаган.
Мындан тышкары, прези денттин Иш башкармалыгы мамлекет бир жарым жылдын ичинде мурда болуп көрбөгөндөй санда миңдеген үй-бүлөгө батир берди. Бул реалдуу жетишкендик болуп саналарын, Көп жарандар 2–3 жылдан бери кезекте турарын, бирок программа системдүү иштеп жатканына токтолду.
“Эл өкүлү катары маселени көтөрүү туура, бирок биринчи расмий органдарга кайрылып, так маалымат алуу зарыл болчу. Элдин көңүлүнө ишенбөөчүлүк жаратып, “упай алуу” — бул элге кызмат кылуу эмес. Президенттин Иш башкармалыгы ар бир жарандын укугу сакталуусу үчүн ачык-айкын, акыйкат жана системдүү принциптерди колдонот. Программа бардык жарандарыбызга тең мүмкүнчүлүк берүү үчүн иштелип чыккан. Биз чындыкты түшүндүрүү аркылуу элдин ишеними бекемделет деп ишенебиз”, — дейт президенттин Иш башкармалыгы.