Мэр: Бишкек — башаламан соода жүргүзө турган жер эмес

Бишкек — башаламан соода жүргүзө турган жер эмес. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев «Ош базарынын» аймагын текшерүү учурунда айтты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы көчөлөрдү башаламан соодадан тазалоо жана базардын аймагын көрктөндүрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун коомдук тамактануу жайларында санитардык нормаларды камсыздоо боюнча иш жетишсиз деп белгиленди.

Базардын соодагерлери менен жолугушууда мэр өз ишин мыйзамдуу жана соода жүргүзүү үчүн бөлүнгөн жерлерде гана жүргүзө аларын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө өрткө каршы нормаларга жана талаптарга ылайык келтирүү, башаламан соодадан тазалоо жана көрктөндүрүү иштери Бишкектин бардык базарларында жүргүзүлүүдө. Мыйзам жана белгиленген эрежелер бар, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн аларды так сактоо керек. Бишкек шаары-башаламан соода үчүн жер эмес», — деп белгиледи мэр Айбек Жунушалиев.

Мындан тышкары, калаа башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгин текшерип, сейил багын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну, эскиздик долбоорлорду даярдоону тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан базардын периметри боюнча мыйзамсыз соода кылуунун алдын алуу боюнча рейддер уланууда.

5 Июнь 2025 жыл 15:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча