
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 2024-жылы мэрия жол курулушун бир сезондо бүтүрсө болорун далилдегенин билдирди.
Анын айтымында, май айынан октябрга чейин бардык жолдордун курулуш иштерин бүтүрүүнүн так графиги түзүлгөн.
“Биз кышка чейин калтырбайбыз. Жогоруда белгилеп өткөн убакытта курулуш иштерин бүтүрүүгө бардык шарттар бар. Канчалык тезирээк куруп бүтсөк, ошончолук көп каражат үнөмдөйбүз. Былтыр 415 миллион сомду үнөмдөй алдык. Быйыл дагы жолдорду мөөнөтүнөн мурда оңдоого аракет кылып, каражат үнөмдөйбүз деп ойлойм”, — деди мэр.
Айбек Жунушалиев ошондой эле Бишкектин көптөгөн жол тилкелери мөөнөтүнөн мурда, тагыраагы бир-эки жумага эрте бүткөрүлүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, учурда төмөнкү көчөлөр реконструкцияланууда:
2025-жылы Бишкектин 8 борбордук көчөсүн реконструкциялоо иштери башталып, анын үчөөндө иштер жүрүп жатат. Тизмеге төмөнкүлөр кирет:
Жаңы көчө куруу долбоору:
Токтогул көчөсү — Абсамат Масалиев проспектисинен Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин (Молодежный турак жай аймагы аркылуу).
Долбоорлоо баскычында дагы үч жаңы көчө бар: