17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулады. Бул маалыматты “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастап, жабыркагандар тууралуу так маалымат берген жок.
“17-январда окуу-машыгуу учурунда Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы авариялык түрдө катуу конууга мажбур болгон. Жабыркагандар бар. Коргоо министрлигинин кызматкерлери бул окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет”, — деп айтылат Коргоо министрлигинин маалыматында.