Министрлик: Мектеп окуучуларынын кышкы каникулун узартууга негиз жок

Мектеп окуучуларынын кышкы каникулун узартууга негиз жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

“Мектеп окуучуларынын кышкы каникулун узартуу жөнүндө чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин так анализинин жана корутундусунун негизинде кабыл алынат.

Азырынча мектеп окуучуларынын кышкы каникулун узартууга негиз жок. Мектеп окуучуларынын кышкы каникулу белгилегендей эле 12-январда аяктайт”, — деп белгилешти министрликтен.

Эске сала кетсек, 2024-2025-окуу жылына Базистик окуу планына ылайык мектеп окуучуларынын кышкы каникулу эки аптага созулат, 3-чейрек 13-январда башталат.

10 Январь 2025 жыл 18:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча