Муфтият битир-садаганы, зекетти QR-код менен чогултуу системасын киргизди

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эми зекет, битир-садага төлөмдөрүн “Финик” электрондук капчыгы аркылуу кабыл алуу ишке киргенин билдирди. Бул система тууралуу Нарындагы казыятта дин кызматкерлерине маалымат берилди.

Муфтияттын башкы эсепчиси Толкунбек Жуманов бул платформа каржы ишмердүүлүгүнүн ачык-айкын жүргүзүүнү максат кыларын, ушул жылдын апрелинен тарта бардык имамдарга стипендия төлөнө баштай турганын айтты.

Мечиттер бөлүмүнүн башчысы Давранбек Жунусалиев башкы имам-хатибдерге имамдардын жана мечиттердин документтерин тез арада толуктап чыгууну тапшырды.

17 Февраль 2025 жыл 13:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча