Мугалимдин ишине кийлигишкендерди, сыйлабагандарды жазалоо сунушталууда

Билим берүү жана илим министрлиги Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизип, мугалимдердин ишине жөнсүз кийлигишкен жана сыйлабаган тараптарга айып пул салууну сунуштоодо. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, педагогикалык кызматкерди кесиптик милдеттери менен байланышпаган иштердин түрлөрүнө тарткан, мугалимден кесиптик ишине тиешеси жок отчетторду же маалыматтарды талап кылган, мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзгөн, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу милдетин жүктөгөн, мугалимдин кесиптик ишмердигинен тышкары иштерге тарткан учурларда 20 миң сом айып пул салынат.

Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан мугалимге сөгүнгөн, адепсиз жүрүм-турумун көрсөткөн, кордоп тийишкен, адепсиз жаңсоолорду (белгилерди) же предметтерди көрсөткөн, Интернет же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ар-намысына шек келтирген жеке жактарга экертүү берилет жана 25 миң сом айып пул салынат.

16 жашка чейинки курактагы балдар ушул аракеттерди жасаган учурда анын ата-энеси же жооптуу жакындарына эскертүү берилет. Эгер бир жыл ичинде жосунсуз аракеттер кайталанса, 30 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Мугалимдерге ыдык көрсөткөндөргө айыптын өлчөмүн көтөрүү сунушу мурдараак Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Азыркы мыйзамга ылайык, мугалимге ыдык көрсөткөн тарапка 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.

5 Декабрь 2024 жыл 9:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча