Мыкты ишкер – Өмүрбек Бабанов

Өмүрбек Бабанов акыркы жылдары Кыргызстандагы ишкердик тармагында натыйжалуулугу жана лидерлик сапаттары менен өзгөчөлөнүп келүүдө. Анын жетекчилиги менен ишке ашкан ири долбоорлор — МБанк, Технопарк, жана Азия Молл — өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө олуттуу салым кошуп, элдин жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

Бүгүнкү күндө МБанк Кыргызстанда санариптик экосистема катары калыптанып жатат. Учурда мобилдик тиркеме 10 миллиондон ашык жүктөлүп, 3 миллионго жакын потенциалдуу колдонуучуларга ээ болду. МБанктын базасында М-Трэвел, М-Бизнес, М-Маркет жана М-Инвест сыяктуу жаңы долбоорлор түзүлдү. Бул кызматтар финансы, туризм жана башка тармактарда инновациялык чечимдерди сунуштап, өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.

Бабанов инновациялык багыттарга басым жасап, стратегиялык маселелерди чечүүдө. Анын ишмердүүлүгү заманбап бизнести өнүктүрүү жана улуттук прогресске жетүү үчүн үлгү катары бааланат.

Бул номинация Өмүрбек Бабановдун күчтүү лидерлик сапаттарын, тынымсыз эмгегин жана улуттук кызыкчылыкка берилгендигин дагы бир жолу баса белгилейт.

9 Декабрь 2024 жыл 21:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча