Нарында 24 миңден ашык «акылдуу» электр эсептегич орнотулду

Жыл башынан бери Нарын облусунун аймагында 24 144 «акылдуу» электр эсептегич орнотулду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Ак-Талаа районуна — 5014;
  • Ат-Башы районуна — 6547;
  • Жумгал районуна — 5385;
  • Нарын районуна — 2870;
  • Тогуз-Торо районуна — 4328.

Негизинен быйылкы жылга карата облустун аймагында жалпы 33 600 даана электр эсептегич орнотуу каралган. Ал эми 2022-жылдан бери 44 миң 45 даана «акылдуу» электр эсептегич орнотулду.

6 Август 2025 жыл 14:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча