Нарында жыл аягына чейин 500 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы мектептин кошумча корпусу жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, имарат 500 орунга ылайыкташкан.

Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Объекттин наркы 178 млн сомду түзөт.

Кошумча корпус «Г» формасында курулуп, заманбап талаптарга жооп берген үч кабатуу окуу корпусунан, өтмө галерея жана спортзалынан турат.

Мектептин биринчи корпусу 1954-жылы курулуп, 450 орунга ылайыкталган. Азыркы тапта 2200дөн ашык окуучу билим алууда.

26 Сентябрь 2025 жыл 16:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча