Нигерияда селдин айынан 200дөй киши көз жумду

Нигерияда селдин айынан 200дөй киши көз жумду. Бул тууралуу Известия Associated Press агенттиги кабарлаганын жазды.

Маалыматка караганда, Нигериянын түндүк-чыгышындагы Моква шаарын каптаган селде кеминде 200дөй адам каза тапты. Моква ири соода жана транспорттук шаар болуп эсептелинет. Анда Нигериянын түндүгүнөн келген фермерлер азык-түлүк товарларын сатат.

Жаратылыш кырсыгында аз дегенде эле 500 үй чарбалары жабыркады. 3 миңден ашык адам үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Ошондой эле 370тен ашык үй-бүлө жабыркап, 100 миңдей жаран көчүп кетти.

Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Буга чейин март айындагы нөшөрлөгөн жамгырдан жана селден Боливияда 50дөн ашык адам каза тапкан.

2 Июнь 2025 жыл 10:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча