Окуя 18-декабрда кечинде Аламүдүн районунда болгон. Милициянын маалыматына караганда, 20 жаштагы кызды белгисиз эки киши Volkswagen Vento автоунаасына күч менен салып кетишкен.
Тергөө учурунда алар кызды Маевка айылына алып баргандан кийин нике кыйдырабыз деп молдону чакыртышканы белгилүү болгон. Бирок кыз чыр салганда аны Беловодское айылындагы үйгө камап коюшкан.
Милиция бул иш боюнча 35 жана 30 жаштагы эки кишини таап, колго түшүргөн. Учурда тергөө уланууда.