Ноокатта сел алып кеткен наристенин сөөгү табылды

Ноокатта 28-июнда жүргөн селге агып кеткен онунчу адамдын — 2022-жылы туулган наристенин сөөгү 1-июлда түштөн кийин табылды. Бул тууралуу Көк-Жар айыл аймагынын башчысы Азизбек Шамуратов журналисттерге билдирди. Маалыматка ылайык, бала селге агып кеткен үй-бүлөнүн небереси.

28-июндагы селден райондун Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылында жашаган 48 жаштагы аял, анын он тогуз, он алты жана он бир жаштагы үч уулу жана эки жаштагы небересинин өмүрү кыйылды. Мындан тышкары маркумдун кайнежесинин он беш жашар кызы, Казакстанга турмушка чыккан кайын сиңдисинин эки баласы селге агып каза болгон.

1 Июль 2024 жыл 18:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча