Ноокенде кызын сабаган 41 жаштагы адам кармалды

Ноокенде кызын сабаган 41 жаштагы адамды милиция кармап кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Майлуу-Суу ШИИБне, Ноокен районунун 1988-жылы туулган О.К. аттуу жараны арыз менен кайрылган.

Анда, 2024-жылдын 14-ноябрь күнү түнкү саат 00:00 чамасында жолдошу 1983-жылы туулган К.Т. аттуу жаран эч бир себепсиз
арыздануучуну уруп үйүнөн кууп чыккандыгын. О.К. чон кызы менен кетип, үйдө бир уулу бир кызы жолдошу К.Т. менен калган учурда 2019-жылы туулган М.Д. аттуу кызын уруп, видеого тартып үйгө кел, келбесен жаман болот деп коркутуп видеого тартып жибергендигин билдирген.

Аталган окуя боюнча апасы 1988-жылы туулган О.К. жана 2014-жылы туулган У.М. 2017-жылы туулган М.А. жана 2019-жылы туулган Д.М. аттуу балдарына соттук-медициналык, соттук психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган. 1983-жылы туулган К.Т. аттуу жаран Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, учурда камакта.

Учурда Тергөө жүрүп жатат.

4 Декабрь 2024 жыл 8:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча