Сентябрь айынын аягында октябрдын башында Россиянын Новосибирск шаарында «Кыргызстандын товарларынын жумалыгы» аттуу жарманке өтөт.
Буга байланыштуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги азык-түлүк өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды жана соода компанияларын аталган жарманкеге катышууга чакырат.
Жарманке 4-5 күн катары менен Новосибирск шаарынын борбордук аянттарынын биринде өтөт. Жарманкеде товар өндүрүүчүлөр үчүн өндүмдөрдү Россиянын ири рыногуна көрсөтүүгө, жаңы сатып алуучулар жана өнөктөштөр менен таанышууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
«Кыргыз Экспорт» төмөнкү чыгымдарды өзүнө алат:
продукцияны Новосибирскке жеткирүү;
соода орундарын жана керектүү инфраструктураны камсыз кылуу;
жарманкеге сатып алуучуларды тартуу.
Катышууну каалагандар министрликтин экспорт жана интеграция боюнча бөлүмүнө кайрыла алышат. Тел.: +996 708 709 063.