Нургазы Курманбеков Бишкек мэринин отун-энергетика комплекси маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Айбек Жунушалиев Нургазы Курманбековду бул кызматка дайындоодо биринчи кезектеги милдеттерди белгилеп, соңку окуялардан улам иш жүргүзүүдө мыйзамды жана ачык-айкындуулук принциптерин так сактоо зарылдыгын белгиледи.
«Иш мыйзам чегинде гана жүргүзүлүшү керек. Мыйзам бузуулар болгон учурда мурдагы жетишкендиктер жоопкерчиликтен качууга жардам бербейт», — деди мэр.
Белгиленгендей, Нургазы Курманбеков 2002-жылдан бери «Электр станциялары» ААК филиалында – Бишкек Жылуулук электр борборунда (учурда «Бишкек жылуулукэлектроборбору» МИсинде) негизги кызматтарды аркалап, жылуулук энергетика тармагында олуттуу тажрыйбага ээ болгон.
2024-жылдын 24-июнунан ушул күнгө чейин «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеген.