Окуучулардын тамагына 14 сомдон бөлүнүп баштайт

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, эми мектептерде окуучулардын тамагына 14 сомдон бөлүнүп баштайт. Бул тууралуу токтомго Өкмөт кечээ, 3-февралда кол койду.

Кыргызстанда башталгыч класста окуган балдарга бир маал тамак берүү үчүн окуучу башына 14 сомдон бөлүнөт. Бул маалыматты өткөн жылдын 25-декабрында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда маалымдаган.

Айрым депутаттар көрсөтүлгөн сумма өтө эле аз экенин айтышкан.

Буга чейин башталгыч класстын окуучуларына тамагына 7 сомдон бөлүнүп келген.

5 Февраль 2024 жыл 9:22

Тема боюнча