
Энергетика министри Таалай Ибраев Балыкчы шаарынын жанында курулуп жаткан Орто-Токой ГЭСинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Ведомствонун маалыматына караганда, учурда курулуштун 60 пайызы аяктады.
Буга чейин төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
Ал эми учурда бекитилген графикке ылайык, төмөндөгүдөй иштер жүрүүдө:
Министр Ибраев иштердин графикке ылайык жүрүшүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өзгөчө коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоого, айрыкча жүк көтөрүүчү техникаларды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Маалымат үчүн: Орто-Токой ГЭСинин курулушуна расмий түрдө 2024-жылдын 29-июнунда капсула салынган. Станциянын пландалган кубаттуулугу — 21 МВт. Жалпы курулуш иштери болжол менен 60 пайызга аткарылды, курулушту бүтүрүү мөөнөтү – 24 ай.
Орто-Токой ГЭСи ишке берилгенден кийин Балыкчы шаарынын 14 миңден ашуун абонентин электр энергиясы менен камсыз кыла алат. Курулушу 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында толугу менен аяктайт деп пландалууда.