
Орто-Токой ГЭСинин курулушу жарым-жартылай аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, курулуш иштери 24 ай ичинде толук аякташы пландалууда. Долбоорду «Чакан ГЭС» ишканасы Кытайдын China National Machinery Industry Corporation (CHMC) компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда.
Учурда курулуш объектилерине бара турган жолдор салынды, куруучулардын шаарчасы, материал сактоочу кампалар, электр энергиясы менен камсыздоо объектилери курулду. Узундугу 928 метрди түзгөн деривациялык туннелдин 727 метри казылды. Ошондой эле башка бир катар иштер графикке ылайык жүрүп жатат.
Эске салсак, 2024-жылдын 29-июнунда Орто-Токой ГЭСинин курулушуна капсула салынган. Станциянын кубаттуулугу — 21 МВт. ГЭС ишке берилсе Балыкчы шаарынын 14 миңден ашуун абонентин электр энергиясы менен камсыз кыла алат.