
Франциядагы Куршевель лыжа курортуна барып келген соң, бул тармактагы биз билбеген көптөгөн маанилүү нерселерди үйрөнүү менен “Үч чоку” тоо-лыжа базасынын долбоорун кайрадан иштеп чыгууга туура келди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, былтыркы жылдын июнь айынан бери Мамкурулуш агенттиги тарабынан “Үч чоку” лыжа базасын долбоорлоо боюнча иштер жүргүзүлүп келет.
«Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен мен үч архитектор менен бирге 2024-жылдын декабрь айында Франциядагы Куршевель лыжа курортуна барып келдик. Ал жакта эки күн болуп, бул тармактагы биз билбеген көптөгөн маанилүү нерселерди үйрөндүк. Лыжа базасын долбоорлоо жана куруу учурунда эске алына турган бардык деталдарды иликтеп чыктык. Бул сапар биз үчүн абдан пайдалуу болду, анткени биз долбоордун дээрлик бардык элементтерин кайрадан иштеп чыгууга туура келди. Себеби, баштапкы түшүнүгүбүз менен чыныгы курулуш процесси бири-биринен таптакыр айырмаланарын түшүндүк. Лыжа базасын долбоорлоо жана куруу өтө татаал процесс экен. Биз башында көптөгөн талаптарды эске алган эмеспиз.
Урматтуу достор, лыжа курорту – бул жөн гана тоолор менен токойлор эмес. Бул – эл аралык стандарттарга жооп берген жана милдеттүү түрдө сертификациядан өтүшү керек болгон ири инфраструктура. Бул инфраструктурага канат жолдору, мейманканалар, тейлөө кызматтары, жолдор, суу камсыздоо жана канализация системалары, тазалоочу жайлар, электр камсыздоосу, жасалма кар жаадыруу тутумдары, фуникулёр гараждары, ресторандар жана дүкөндөрдүн жайгашуусу сыяктуу көптөгөн маанилүү элементтер кирет. Ал тургай, мейманканалардын терезелеринин жайгашуусу жана өлчөмү да маанилүү, анткени алар мейманкананын жылдыз даражасын аныктоодо роль ойнойт.
Достор, мурда биз мындай ири долбоорлор тууралуу айтууга мүмкүнчүлүк алган эмес элек. Бирок бүгүнкү күндө биз лыжа курортторун долбоорлоп, куруп, реалдуу келечекти көрүп жатабыз. Реалдуу инвестициялар, реалдуу каражаттар келип жатат. Мен биздин жетекчиликтин демилгелерин колдойм жана алардын аркасы менен биз келечекке ишеним менен карап жатабыз. Кудай буюрса, баары жакшы болот. Бул үчүн биздин президентибизди колдоо жана ынтымагыбыз маанилүү. Келгиле, бирге аракет кылып, Жыргалаң супер-кластерин куралы, келечекти түзөлү!»,-деп жазган ал.