Ош облусунун башчысы 12 балалуу үй-бүлөдөн кабар алды

Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Алай районунун Сары-Могол айылындагы көп балалуу үй-бүлөнүн жашоо шартынан кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы көп балалуу Нишанбай Алибаев жана жубайы Жумахан Адырахманова менен баарлашып, учурдагы негизги муктаждыктарын сурап, үй-бүлөнүн негизги көйгөйлөрү турак жайдын оңдолушу, кышка карата даярдык жана социалдык жөлөкпул маселелери белгиленди.

Облус башчысы жана укук коргоо органдарынын жетекчилери тарабынан үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлүп, кошумча белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, жетекчилик тарабынан жергиликтүү бийлик органдарына социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү күчөтүү, балдардын билим алуусу үчүн шарттарды жакшыртуу жана үй-бүлөнүн муктаждыктарын чечүүгө көмөктөшүү боюнча тапшырмалар берилди.

20 Июнь 2025 жыл 10:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча