Ош шаарында жаңы сейил багы пайда болот

Ош шаарынын Исанов көчөсүндө дагы бир эс алуу багын куруу иштери башталды.

Ош мэриясынан билдиришкендей, буга чейин бул жер каралбай, тосмолору урап, ичиндеги бак дарактар куурап турган.

«Мэр рейддик кыдыруу учурунда, тосмолорду алып, бак дарактарды иретке келтирип, айланасын оңдоп-түзөө менен жашоочулар үчүн эс алуу багын куруп берүү тапшырмасын берген. Учурда долбоору толук даярдалып, курулуш иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

2 Июнь 2025 жыл 8:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча