Ошто кафеден чыккан ири өрт өчүрүлдү

Ошто кафеден чыккан ири өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 26-июнда Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан «Алтын» кафесинен өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 7 бөлүм жана 1 автошаты тартылган. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1100 чарчы метрди түзөт. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

27 Июнь 2024 жыл 9:20

Тема боюнча