Оштогу абактан качып, издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды

Оштогу абактан качып кетип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Ош облусунун эмгек-түзөтүү мекемеси тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 349-беренеси («Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу») боюнча Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Р.К. аттуу жаранга издөө жарыяланган.

Жакында коомдук жайлардагы жүзүн таануу видео байкоо системасы аркылуу изделип жаткан жаран Бишкек шаарынын аймагынан кармап, андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү максатында тиешелүү кызматтарга өткөрүп берилди.

12 Март 2024 жыл 15:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча