Оштун мурдагы казысы Мирлан Токтомушев кайрадан камакка алынды

Оштун мурдагы казысы Мирлан Токтомушев кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, соттук коллегиянын 29-майдагы аныктамасынын негизинде шаардык соттун 23-майдагы токтому жокко чыгарылган. Тергөөчүнүн өтүнүчү менен шектүү 18-июнга чейин камакка алынганы айтылды.

Буга чейин Ош шаарынын мурдагы казысы Мирлан Токтомушев мечит, медреселердин кызматкерлеринен системалуу түрдө акча чогултуп келген деген шек менен кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.

2 Июнь 2025 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча