Пакистанда автобустагы жарылууда төрт бала каза тапты

Пакистанда мектептин автобусундагы жарылууда төрт бала каза тапты. Бул тууралуу Известия Dawn гезити кабарлаганын жазды.

Маалыматка караганда, Белужистандагы жарылууда кеминде төрт окуучу көз жумуп, 38 адам жаракат алган. Жарадар болгондор ооруканага жеткирилип, жеринде укук коргоо кызматкерлери иштеп жатканы айтылды.

21 Май 2025 жыл 15:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча