Президенттин “Мейкин” медиа жана журналистика боюнча сыйлыгын тапшыруу аземи башталды

Бүгүн, 17-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мейкин” медиа жана журналистика боюнча сыйлыгын тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө старт алды. Бул иш-чара өлкөнүн медиа чөйрөсүндө өзгөчө мааниге ээ болуп, журналистиканын өнүгүшүнө чоң салым кошкон алдыңкы калемгерлерди жана медиа өкүлдөрүн таанууга багытталган.

Салтанатка белгилүү журналисттер, медиа уюмдарынын жетекчилери, мамлекеттик ишмерлер жана чакырылган коноктор катышып, иш-чара жогорку деңгээлде уланууда. Аземдин жүрүшүндө коомдогу маанилүү маселелерди чагылдырган, сапаттуу жана терең мазмундуу материалдарды жараткан журналисттер жана медиа өкүлдөрү сыйлыкка ээ болушат.

Иш-чаранын демилгечиси Дайырбек Орунбеков өз сөзүндө аталган сыйлыкты негиздеп берген Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, бул кадам Кыргызстандын медиа тармагы үчүн жаңы дем экенин баса белгиледи. Ал «Мейкин» сыйлыгы мындан ары журналисттердин эмгегин баалоо менен катар, өлкөдө сөз эркиндигин жана медиа сапатын көтөрүүгө чоң өбөлгө түзөт деп билдирди.

Иш-чаранын программасы концерттик номерлер, чыгармачыл кечелер жана жеңүүчүлөрдүн куттуктоо сөздөрү менен коштолууда. Сыйлык ээлери расмий түрдө жарыяланып, ардак грамоталар жана эстелик белектери тапшырылат.

Учурда иш-чара кызуу уланууда, ал эми жеңүүчүлөр тууралуу кеңири маалыматтар жакынкы убакта коомчулукка жарыяланат.

17 Декабрь 2024 жыл 16:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча