Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын 6-декабрда карап, аны башка жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде абактан бошотту. Бул тууралуу «Азаттыкка» саясатчынын адвокаты Бакыт Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, жактоочу Исаевди абактан бошотуу боюнча сотко өтүнүч келтирген.
Октябрь райондук соту мындай чечим тууралуу маалымат бере элек.
2-декабрда райондук сот Исаевдин абактагы мөөнөтүн келерки жылдын 27-январына чейин узарткан эле.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Канатбек Исаевди 20-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып таккан. Ал коюлган айыпка макул эмес экенин билдирип, кылмыш ишин саясат менен байланыштырды.