Сүт ташыган автоунаанын газ баллону жарылып, айдоочусу каза болду

Чүйдүн Жайыл районунда ГАЗ-53 үлгүсүндөгү сүт ташыган автоунаанын газ баллону жарылып, 35 жаштагы айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.

Окуя 22-апрелде саат 05:30да Бишкек – Ош трассасынын 64-чакырымында болгон.

«Алдын ала маалыматка караганда, транспортко май куюучу жайдан метан куюлгандан кийин жарылып кеткен. Жеринде ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Май куюучу жай ишин убактылуу токтотту.

23 Апрель 2025 жыл 13:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча