Сабырбек Жумабековдун Кытайда жасаган илимий доклады дүйнөлүк илим чөйрөсүндө чоң кызыгууну жаратты

Академик Сабырбек Жумабеков Ухань шаарында илимий иш-чарада ачылыш жасады.

Кыргызстандык дарыгер Сабырбек Жумабековдун Уханьдагы 16-Конгрессте жасаган илимий доклады дүйнөлүк илим чөйрөсүндө чоң кызыгууну жаратты.

Кытайдын Ухань шаарында өткөн 16-ортопеддер жана травматологдордун эл аралык конгрессинде кыргызстандык белгилүү ортопед-травматолог Сабырбек Жумабеков өзүнүн илимий докладын жасады. Бул эл аралык иш-чарага дүйнөнүн ар-тарабынан белгилүү адистер катышып, ортопедия жана травматология тармагындагы акыркы илимий жаңычылыктар менен бөлүшүштү.

Жумабековдун катышуусу Кыргызстандагы медицина адистеринин дүйнөлүк аренада таанылуусуна зор салым кошту. Ал өзүнүн изилдөөлөрү менен өзгөчөлөнүп, Кыргызстандагы саламаттык сактоо тармагындагы жетишкендиктерди жана келечекке болгон үмүттөрдү көрсөтүп келет.

Бул иш-чарада Жумабековдун доклады дүйнөлүк илимий коомчулукта кеңири талкууга алынды жана Кыргызстандын медициналык тармагын алдыга жылдырууга багытталган. Сабырбек Жумабековдун эмгеги өлкөдөгү саламаттык сактоо чөйрөсүн дүйнөлүк деңгээлде таанытууга салым кошуп келатканы маалым.

10 Декабрь 2024 жыл 13:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча