
Тиешелүү жарлыкка кол койгонун президент өзү билдирди. Буга “Жол фонду жөнүндө» мыйзамга күйүүчү майдын ар бир литринен бир сомдон чогултуу каралган өзгөртүүлөр күчүнө киргени себеп болгон.
“Транспортко мындан ары салык алынбайт, анын ордуна 1-январдан тарта ар бир айдоочу унаасына куйган ар бир литр бензин же дизелден бир сомдон алынып баштады. Автотранспортко салык төлөбөй келгендерди да салыктан бошотуу (амнистия) боюнча тапшырма бердим”, — деди Жапаров.
Мындан сырткары, дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылды.