Садыр Жапаров Будапештте ТМУ саммитине катышуу үчүн «Варкерт-Базар» имаратына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Будапешт шаарында өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн «Варкерт-Базар» имаратына келди.

Мамлекет башчысын Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан тосуп алды.

Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.

21 Май 2025 жыл 15:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча