Садыр Жапаров Индия менен Пакистанды чек арадагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров Facebook баракчасына билдирүү жазып, Индия менен Пакистанды чек арадагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

«Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон дос өлкөлөрүбүз Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануубузду билдиребиз.

Эки тарапты максималдуу сабырдуулукка, чыр-чатактын мындан ары күчөшүнө жол бербөөгө жана тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырабыз.

Кыргыз Республикасы дайыма стабилдүүлүктү, коопсуздукту жана эл аралык укукту урматтоону жактайт.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болгон дос өлкөлөрүбүз Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануубузду билдиребиз.

Эки тарапты максималдуу сабырдуулукка, чыр-чатактын мындан ары күчөшүнө жол бербөөгө жана тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырабыз.

Кыргыз Республикасы дайыма стабилдүүлүктү, коопсуздукту жана эл аралык укукту урматтоону жактайт», — деп жазды ал.

7 Май 2025 жыл 12:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча