
Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов жаңы онлайн-сервис аркылуу ID-паспортун биринчи болуп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында маалымдады.
Анын айтымында, жаңы ID-паспорту даярдалып, «Кыргыз почтасы» ААКнын кызматкерлери тарабынан кеңсеге жеткирилген.
«Калктын ыңгайлуулугу үчүн сервистерди жакшыртабыз!» — деп белгиледи министр.
Белгилей кетсек, ID-паспортту онлайн алмаштыруу кызматы буга чейин Президент Садыр Жапаровдун «Кызмат» мамлекеттик ишканасынын ИТ-борборуна болгон иш сапары учурунда көрсөтүлгөн. Эми жарандар жаңы ID-паспортту кеңсеге барбай эле ала алышат.