
Талас районунун аймагында катуу жааган жаандан катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Катуу жааган жаандан улдм Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылын, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылын жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн.
Селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1 көпүрө жабыркаган.
Учурда өзгөчө кырдаал катталган аймактарда тактоо иштерин жүрүүдө.